• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Сот ымыркайы менен абакта отурган келинди бошотту

3 Жалган куран 2023 17:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-мартта жаңы төрөлгөн баласы менен абакта отурган келин бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды.

«Аида Исакова баласы менен кошо камактан бошотулду. Бишкек шаардык сотунун судьясы абакта төрөлгөн бала эрезеге жеткенге чейин өкүмдүн аткарылышын жылдыруу боюнча өкүм чыгарган»,-деп жазды ал.

Эске салсак, 28-февралда келиндин сот залында отурган сүрөтүн жактоочу Замир Жоошев Фейсбукка жарыялаган.

Белгилей кетсек, 36 жаштагы Аида Исаковага “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Айымдын жактоочулары райондук соттун чечимине каршы аппелияциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Количество просмотров: 6267