• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Социал-демократтар өкмөт мүчөлөрүн жарга такашууда

16 Жалган куран 2018 11:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек 16.03.18 Govori.tv
КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйыны кызуу өтүп жатат. Оозуна талкан салып алгансып унчукпай отурган эл өкүлдөрүнүн оозу кадимкидей ачылып, атүгүл вице-премьер-министр Даир Кенекеевди какатышууда.
 Карамат Орозова деген депутат «аймактарда  социалдык төлөмдөрдү таркатууда коррупциялык көрүнүштөр барбы? Канча кызматкер жоопко тартылды?»-деген суроого вице-премьер-министр жооп бере алган жок.
Депутат менде бул факты бар. Докладчикте жок экен деп нааразы болду.
 Төрөбай Зулпукаров болсо ИИМдин өкүлүнө кайрылып, уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу сурады. Учурда 522 кылмыштуу топтун мүчөсү катталган экен. 241 жоопко тартылыптыр. Бирок кылмыштуу топ менен күрөшүу эфективдүу болбой жатат деп зекиди.
 Фракция лидери Иса Өмүркулов өкмөт мүчөлөрүнө «мыңкылдабай» фракция жыйынына жакшылап даярданып келүүнү эскертти.

 

Количество просмотров: 22