Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишин карап жатат.
Сот отурумунда Кой-Таш айылындагы жер тилкелеринин берилиши боюнча иш каралууда.
14:00гө белгиленген соттук отурум ачык өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди. Жараяндын жүрүшүндө Атамбаевди залга жактоочунун жанына отурууга уруксат берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар темир тор ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган эле.