• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Советбек Рустамбек 5 балалуу келинге үй салып баштайт

3 Жалган куран 2019 19:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.03.2019. Govori.TV

«Супер kg» порталына Нургүл Бекиева аттуу 31 жаштагы келиндин «Таштанды терип 5 баламды багам. Күйөөм селсаяк болуп кеткен» деген видео тасмасы чыгып, блогерлер тасма менен бөлүшкөндөн кийин талкуу жараткан.


Жеке ишкер, «Алыш» белбоо күрөшүнүн вице- президенти Советбек Рустамбек уулу келиндин жашоосунан кабар алып,жардам берип, үй куруп берүүгө убада кылган.


Коомчулуктун көңүлүн бурган бул окуя бүгүн андан ары уланып, » Говори ТВ» маалымат агенттигинин башкы редактору күбө болуп келди.


Келиндин аянычтуу тагдырына кайдыгер карабаган «Көмөктөш бол» кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Юсуп Сапиев буга чейин убада кылгандай коомго тиешелүү Токбай айылындагы жер участогунан 5 сотых жер берип, Кызыл китеби Нургүл Бекиевага тапшырды.

Жеке ишкер Советбек Рустамбек уулу үй куруучулар менен барып, жакын арада үйдү баштап, 1- июнь Балдарды Коргоонун эл аралык күнүнө карата ачкычын тапшырууга убада берди.

Мындай кубанычка туш болгон 5 балалуу келин кубанычы ненен бөлүшүп, ыраазычылык билдирди.


Белгилей кетсек, Нургүл Бекиевага Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө эмгектенген замандаштар дагы кол сунуп, 160 миң сомдон ашык акча каражаты, тиричилик техникасы, кийим- кечек ж. б. чогулган. Социалдык өнүгүү министрлиги паспорт алып берип, балдарына жөлөк пул чыгарууга убада кылган.

Теги:
Количество просмотров: 37