Бишкек.12.03.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин Кыргызстан фракциясынын депутаты Насыр Мусаев сессиянын жыйналыштарын жүйөлүү себептерсиз 40тан ашуун жолу калтырганы кызуу талкуу жаратууда.
«Говори ТВ» мультимедиалык агенттиги Н. Мусаевдин маселеси боюнча ЖКга кайрылган. Аппарат башчынын орун басары А. Жапаров учурда Н. Мусаевдин жүйөлүү себептерсиз ишке келбеген убактысы 46 күнгө чамалаганын тастыктады.
Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын бөлүм башчысы Аманкул Токтогулов Жогорку Кеңештин Регламент боюнча комитетине кат жолдонгонун белгиледи.