• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Стамбулда феминисттерди газ жана желим ок менен атып таратты

9 Жалган куран 2019 19:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.03.2019. Govori.TV

Стамбулда 8-март аялдардын эл аралык күнүндө шаардын көчөлөрүнө жүрүшкө чыккандарды полиция көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок менен атып таратты. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, мындай жүрүштөр Стамбулда 2003-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет.

«Феминисттердин түнкү жүрүшү» аттуу жүрүшкө полиция тарабынан да даярдыктар көрүлүп, айрым метролор менен көчөлөр жабылган. Кечки саат 19:30да колдоруна түрдүү жазуулар жазылган плакаттарды кармаган миңдеген аял жүрүшкө чыкты.

Бирок шаар бийлиги тарабынан мындай иш-чараны уюштурууга уруксат берилбегендиктен жүрүшкө чыккандар полиция тарабынан таратылды.

Булак: sputnik.kg

Теги:
Количество просмотров: 22