Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишинин алкагында кармалган ишкер Субихи Пархати Атамбаевге каршы көргөзмө берип жатканын Govori.TVга өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, Субихи Пархатини Аскер прокуратурасы кармаган. Пархатиге кирешелерди мыйзамдаштырып алуу беренеси боюнча айып тагылган.
Кошумчалай кетсек, Субихи Пархати 2017-жылдын 27-октябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий-өндүрүштүк «Форум» ЖЧКсына теңшерик негиздөөчү болгон.