Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.
КСДП тарабынан уюштурулган 3-июлдагы митингде сөз сүйлөп жатып ыйлап ийген Темирлан Султанбеков бүгүн фейсбуктагы баракчасына билдирүү жасады.
«Акыркы эки күн өтө басымдуу күндөрдөн болгондуктан, мага карата жазылган билдирүүлөрдү кечинде гана окуп калдым. Мага карата жазылган терс пикирлерди окуу абдан оор болду. Албетте менин митингде сүйлөгөн сөзүм өтө эле эмоционалдуу болгонун моюунума алам. Ал эми «эй» деген сөздөр орундуу болбой калганын түшундүм. Бул үчүн кечирим сурайм. Элге чыгып сүйлөөрдүн алдында көңүлүм катуу чөгүп калды эле, ошондон улам сүйлогөн сөзүм эмоция менен аралашып кетти. Ал эми Искен Афиджанов, Алмазбек Акматалиев сыяктуу коомчулукка белгилүү адамдарды дебатка чакырам. Жана ошол жерден өлкөдөгү абал тууралуу пикирлерди айтышабыз»,-деп жазган ал өз билдирүүсүндө.