Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы олимпиадага Түнтүк Корея спортчуларын гана эмес сүрөөнчүлөрдү да жиберген. Аларды социалисттик мамлекеттин өкмөтү атайын даярдаганы оюндардын жүрушүндө белгилүү болду.
The Washington Post гезити Түндүк Кореядан келген сүрөөнчү кыздардын абдан ийкемдүүлүгү, ыры жан бийи түндүк кореялык пропаганданын эң мыкты көрүнүшү болуп калды деп жазган. New York Times гезити болсо Түндүк Корея мындай образ менен күчүн, ишенимин жана режимдин былк этпей турганын көрсөткүсү келгенин жазат.
https://www.youtube.com/watch?v=GYij-UM9pPg
«Ким Чен Ындын амалы ишке ашты окшойт»,-деп жазат гезиттин журналисти.
Шорт-трек боюнча өткөн таймашта Ким Чен Ындын өлкөсүнөн барган сүрөөнчү кыздар хор менен «Таанышканыбызга кубанычтабыз» деген ырды аткарган. Бул ыр көбүнчө түштүк менен түндүк Кореянын маданий иш чараларында жаңырат.