Бишкек.26.12.2018. Govori.TV
Банктын төрагасы болгону бир батири бар экенин, аны Улуттук банк берген ссуданын негизинде алганын бир нече ирет айткан.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун менчигинде бир гана батир бар. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун ижарага берген бир нече үйү бар экенин айтып чыккан. Эл өкүлү банк жетекчиси бир гана батирим бар деп бир нече ирет айтып келгенин эскертти.
«Жогорку Кеңештин депутаты Сурабалдиевага таянуу менен Абдыгуловдун ижарага берилген батирлери тууралуу ЖМКларга чыккан маалымат чындыкка дал келбейт»,-дешти Улуттук банктан. Улуттук банк таркаткан билдирүүсүн тастыктоо үчүн үч маалымдама тиркеген. Анда Абдыгуловдун да, үй-бүлө мүчөлөрүнүн да чогуу жашап турган үйүнөн башка турак жайы жок экени көрсөтүлгөн.
Бул маалымкатта 2014-жылы Жал кичи районундагы батир сатылып, 2015-жылы Улуттук банктын ссудасына учурда жашап жаткан батир сатып алынганы көрсөтүлгөн. Бирок эреже боюнча ссуда төлөнүп бүткүчө турак жай Улуттук банктын менчиги болуп саналат. 2017-жылы ссуда жоюлгандан кийин батир Абдыгуловдун менчигине өттү.Операциялардын баары документте чагылдырылган.
Булак: Спутник