Бишкек. 11.03.2019. Govori.TV
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эч ким адамдарды жынысына, тилине, коомдук абалына карап бөлбөөсү керек. Бул тууралуу “Govori TV” га Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирген.
«КРдин мыйзамынын 16 беренесине ылайык эч ким адамдарды жынысына, тилине, коомдук абалына карап бөлүп, дискриминация кылбоосу керек. Мен шаар мэри катары муниципалитеттин жана тынчтык маршы өтүп жаткан кездеги милиция кызматкерлеринин тартип сактоо боюнча алып барган иштери тууралуу өз жоопкерчилигимди тартам»,-деген Суракматов.
Эске салсак, бүгүн “Кырк чоронун” мүчөлөрү нааразычылык акцияга чыгып, алар феминисттерге марш өткөрүүгө уруксат берген Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышкан.