Жогорку Кеңештин 80 депутаты сунуш кылган Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлары менен сынга калды. Юристтер Баш мыйзамдын жарыяланган жаңы долбоорун президенттик башкарууга өтүү аракети катары баалады. Кыргызстандыктар кандай башкарууну каалашат? Президенттик же парламенттик? Govori.TV мультимедиалык агенттиги ушул маселенин тегерегинде шаар тургундарынан сурамжылоо жүргүздү.