• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Сургутта 9 жана 6 жаштагы кыргыз балдары өрттөн каза болду

12 Жалган куран 2021 15:50 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Сургут шаарында (Ханты-Манси автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, эки кыргыз бала каза болду. Окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, өрт чыккан үйдө жашап жаткандар — Кыргызстандын жарандары. Каза болгон балдар 2012-жылы жана 2015-жылы туулган бир туугандар. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Орусиянын тергөө комитетинин Сургут шаарынын тергөө бөлүмү иштеп жатат.

«Өспүрүмдөр апасы жана чоң апасы менен чогу жашашкан. Окуя болгон учурда балдар үйдө жалгыз болгон. Эртең менен апасы жумушка кеткен. Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси Сургут шаарындагы жууп-тазалоочулардын компаниясынын биринде иштейт. Такталбаган маалымат боюнча, операциядан кийин балдардын чоң апасы ооруканада жаткан. Учурда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясы каза болгон балдардын сөөгүн мекенине алып кетүүнү уюштуруу боюнча кыргыз коомдук бирикмелеринин активисттери менен координациялык иштерди жүргүзүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 324