• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Суроого так жооп берип койсоңуз, акыл үйрөтпөстөн». Вице-спикер Соцфонддун төрагасынын орун басарын сынга алды

4 Жалган куран 2020 13:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүнкү жыйында Соцфонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдиновдун берген жообун сынга алды.

Касымалиева мугалимдерден айлык көтөрүү боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын айтты.

“Эмне себептен биз 30-40 жыл стаж менен пенсияга чыкканда, иштебеген жарандардыкы менен тең аз чыгып жатат деп суроо узатып жатышат“,- деди Касымалиева соцфонддун өкүлүнө кайрылып.

Эсен Нурдинов билдиргендей, мугалимдердин айлыгы мурда аз болгондуктан, камсыздандыруу фондуна аз төлөнчү. Азыр айлык көтөрүлгөндүктөн пенсия көбүрөөк чыгат деп түшүндүрдү.

Мындан соң Касымалиева Соцфонд айлыкты көтөрүү боюнча мыйзам долбоору менен кандай иш жүргүзүлүп жатканын сурады.

“Бир жарым жыл болду менин келгениме, бул мыйзам келген эмес, көргөн жокмун”,- деген Нурдинов. Орун басардын мындай жообун Касмалиева сынга алып, карап чыгып, толук жооп берүүнү талап кылды.

“Эмнеге эң башкы мыйзамды билбейсиңер. Келген эмес көргөн эмес деп,сиз билбесеңиз өзүңүзгө алсаңыз. Мага комментарий бербеңиз. Мугалимдер боюнча иш-чаралар тууралуу так суроого так жооп берип койсоңуз, акыл үйрөтпөстөн”,– деди Аида Касымалиева.

Количество просмотров: 352