Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 8 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 694 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 435 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 151 бейтаптын абалы орто оордукта, 431 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 552 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 482 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 732 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 886 киши айыгып чыкса, 1 миң 711 адам каза болду.