• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Суук, төшөктөрү биттеп кеткен…” Соль-Илецктен келгендер Таластагы обсервациянын шарттарына нааразы

19 Бугу 2020 15:41 Бишкек Govori.TV

18-май күнү Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан келгендерин арасында түшүнбөстүктөр чыккан. Республикалык штаб ооруп жаткандар менен байланышта болгон 19 жаранды обсервацияда калтыруу чечимин чыгарып, калгандарынан кайталоо иретинде анализ алышып, үй карантинге чыгарган. 

Бүгүн 19-майда Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев: “Бул жарандарга анкета толтурулуп, үй карантинин сактоо милдеттенмесине кол коюшту, ошондой эле кайсы жерде жүргөндүгүн көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркеме орнотулду. Бардык маалыматтар жер-жерлердеги медициналык мекемелерге жана ички иштер башкармалыгына жиберилди. Кечээ күнү Бишкек жана Чүй облусунда жашаган жарандар үй карантинине чыгарылды. Бүгүнтөн баштап калган жарандар башка региондорго жөнөтүлүшөт”, — деп билдирген.

Орусиядан келгендердин айрымдары кечээ кичи мекендерине сапар алышкан. Талас облусуна барышкандар обсервацияга алынган. Бирок, алар обцервацияга жата турган жердин шарты начар экенине жана жергиликтүү бийлик Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечимине макул болбой, өз алдынча кыйноо жолу менен обсервацияга жаткарыганын айтып, Bars.Media маалымат агенттигине кайрылышты. Атын атагысы келбеген алардын бири буларга токтолду:

Дарыгерлер жазып берген справка.

“4-майда Орусиядан Кыргызстанга чыкканбыз. “Ганси” базасына 7-май күнү эртең менен келдик. Бизге келгенде “анализ тапшырасыңар, 2-3 күндө жыйынтыгы чыгат. Анан коё беребиз” дешти. Анализ тапшырдык. “Кээ бирөөлөр шектүү болуп жатат, обсервацияга жатасыңар” дешти. Ошону менен 7-майдан 18-майга чейин обсервацияда жаттык. Ызы-чуу болгонунун себеби дарыгерлердин шалаакылыганан болду. Себеби алар “эртең чыгасыңар” деп жаткандарды үмүттөндүрүп койгон. Анан чыгар маалда “дагы шектүүлөр чыкты, обсервацияда жатканды улантасыңар” дешти. Ошону менен ызы-чуу башталды. Ошондон кийин үй карантинге 14 күн жаткыла депкоё беришмек болушту. Андан кийин биздин тамагыбызды, жаткан жерибизди, өзүбүздү баштан-аяк бардыгын текшеришти. Анан таза чыктык. Дарыгерлер “таза, оорунун белгилери байкалган жок” деп Саламаттыкты сактоо министрлигинен справка жазып беришти. Андан кийин “Таласка өз жолуңар менен кетчүлөр кете бергиле, справка дарактуу” дешти. Биз ошентип Таласка кеттик. Таласка келсек бизди Боо-Терек айылына белгисиз мөөнөткө обсервацияга жаткырууга алып келишти. Справканы көрсөтсөк, “Саламаттыкты сактоо министрлигиңдин кагазы бизди кызыктырбайт. Ал кагаз эч нерсени чечпейт”,-дешти. Биз обсервацияга жаталы десек шарты жок. Бул жерде же антисептик жок, же беткабы жок, же самыны жок. Эч нерсе жок. Суук. Канчадан бери эч ким жашабаган имарат тоңуп калыптыр. Жылыткыч жок. Төшөктөрү кир, биттер, курттар жүрөт. Бизге чейин бул жакта канча киши жатканын да билбейбиз. Биз макул болуп жаттык, бирок, биздин угушубузча жергиликтуү бийлик бизди өз каалоосу менен обсервацияга жатты деп жогоруж актагыларга отчет берип жатышыптыр. Анан биз кайра “калбайбыз” деп каршы болуп жатабыз. Каршы болгонубуздун себеби Бишкекте обсервацияда жаттык, баштан-аякт текшерүүдөн өткөнбүз. 2-3 жолу анализ тапшырдык. Канымет Осмонбеков деген акимдин орунбасары бар экен. Ошол балдарды уруп-согуп эле ушул жакка киргизип жайгаштырып салды. Саламатттыкты сактоо министрлигинен чалышып “коё бергиле” десе дагы аларга “макул” деп коюшуп, бизди коё бербей жатышат”.

Булак: bars.media

Количество просмотров: 683