• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан 10 адам жабыркап, экөө каза болду

24 Тогуздун айы 202116:54 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен жеринде 2 эркек адам каза болуп, 10 адам жабыркаган — 5 эркек, 4 аял жана 1 кичинекей кыз (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар унаадан чыгарылып, тез жардам кызматы жана жолдо бараткан унаалар аркылуу Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 174