• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү

5 Жалган куран 2021 9:39 Бишкек Govori.TV


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмодзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Базаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу анын басма сөз кызматынан билдирди

Маалыматка ылайык, жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын, достугун бекемдөө боюнча сүйлөшүшкөн.

“Ушул тапта Баткен облусу менен Согди жана Фергана облусу менен кызматташуу боюнча иш чаралар планы талкууланууда. Алдыда, аталган иш пландарды бекитүү менен, тараптар эки тараптуу кызматташууда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулаарын белгилешүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Жетекчилер өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр чатактардын алдын алуу менен, орун алган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышкан.

Количество просмотров: 89