• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Төө-Ашууга 10-15 сантиметрдей кар түштү. Айдоочуларга мындай кырдаалга унааларын даярдоо айтылды

10 Аяк оона 201912:00 Бишкек Govori.TV

Аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр өрөөнүндө кар жаады. Карды тазалоо үчүн 4 транспорт каражаты тартылып, 75 тонна инерттик материал колдонулганын Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар аталган багыт боюнча жолго чыккан айдоочулардан мындай кырдаалга унааларын даярдоону суранат (дөңгөлөк, керектүү каражаттар).

Бүгүн, 10-сентябрга караган түнү Суусамыр өрөөнүндө кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жетет.

Количество просмотров: 131