• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түлөбаев: Жеке компаниялардын жаңы жылдык кечесине тыюу сала албайм

2 Бештин айы 2020 17:01 Бишкек Govori.TV

Жеке компаниялардын жаңы жылдык кечесине тыюу сала албайм. Бул тул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында шаардык кеңештин депутаты Нургазы Каримовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Мен аларды тыя албайм. Бул алардын конституциялык укугу. Мен өзүмдүн кызматкерлериме эле айттым», — деп билдирди Түлөбаев.

Эске салсак, буга чейин вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өкмөт жаңы жылдык корпоративдерге тыюу сала турганын айткан. Кийинчерээк бул эреже бир гана мамлекеттик органдарга тийиштүү экени кабарланган.

Количество просмотров: 295