Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Коомчулукта катуу талкууга алынган Кара-Суу районунда өткөн Исмаил Матраимовдун элесине арналган иш-чарага Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев эмне себептен барганы тууралуу айтты.
«Матраимовдордун турнирине барганым катуу талкууга түштү. Бул тууралуу жөнөкөй бирок, чын жообумду айтып коюну чечтим. Биз Ошто чоң бир долбоордун үстүндө иш баштаганы жатабыз. Ошол маселелерди чечүү үчүн уулум экөөбүз барганбыз. Жолдон бир-эки депутатты жолуктурдум жана ошолор мени чакырып, барып калдым»,-деп жазган өз билдирүүсүндө Түлеев.
Эске салсак, Ош облусунун Кара-Суу районунда өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен «Райым миллион» деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовдон тышкары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, спикер Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Абдывахаб Нурбаев, Жанарбек Акаев, Тазабек Икрамов, Руслан Казакбаев, Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Улан Примов, Алмазбек Батырбеков, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев, саясатчы Ахматбек Келдибеков да катышкан.
Волейбол жана мини-футбол боюнча өткөрүлгөн турнирдин байге фонду бир миллион сомду түзгөн.
Интернет колдонуучулар бир иш-чарага Райымбек Матраимов менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары катышканын катуу сынга алышууда.