• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Түндүк-Түштүк жолунун боюна өрт өчүрүүчү станцияларды куруу сунушталды

4 Жалган куран 202613:55 Бишкек Govori.TV

Депутат Нурлан Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин жыйынында быйыл Тогуз-Торо, Жумгал жана Кочкор райондору аркылуу өткөн Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун ачылышы пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жол боюна өрт өчүрүүчү станцияларды орнотуу зарыл.

«Кочкор районунун Чолпон айылында, Тогуз-Тородогу Казарманда жана Жумгал районунун Куйручук айылында өрт өчүрүүчү станцияларды ачуу керек», — деп баса белгиледи ал.

Количество просмотров: 173