• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Төрага атка минген видео (монтажсыз)

30 Үчтүн айы 2020 11:01 Бишкек Govori.TV

Буга чейин социалдык тармакта төрага Дастан Жумабековдун атка мине албай калганы тууралуу видео кенен тарап, талкууга алынган эле.

Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу тарап жаткан видео тууралуу билдирүү жайгаштырып, монтаждалбаган толук версиясын жарыялаган.

«Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөн тамаша катары кабыл алдык.

P.S. Аттан кимдер гана кулабайт», — деп жазып койгон.

https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/videos/10157276734428264/
Количество просмотров: 12534