• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Төрага Дастанбек Жумабеков айыл чарба министринин орун басары менен кайым айтышты

24 Тогуздун айы 2018 10:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV

«Үрөн департаменти иштебей эле бюджеттен акчасын коротуп жатат». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламент жыйынында билдирди.

Төрага айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевди «калп айтпаңыз» деп сынга алды.
Жумабеков Керималиевден «элге силердин департамент жаңы үрөндөрдү ойлоп таап, тараттыбы» деп сурады. «Биздин департамент сунуштаган үрөндөрдү дыйкандар албай жатат»деп жооп берди министрдин орун басары.
Төрага Үрөн департаменти өз ишин аткара албай жатканын эскертти. «Кайсы элге кайсы урукту сунуштап жатасыз? Эл алган жок үрөндү? Бул департаменттин иши начар болуп жатат. Эл өзү билип, сырттан көчөттөрдү алып келип өздөрү аракет кылып жатат. Сиз калп айтпаңыз. Биринчи далилдеп анан келиңиз. Департамент бюджетти максатсыз эле коротуп жатат», — деди Жумабеков.

Количество просмотров: 30