• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түркияда өспүрүм кыздарды сойкулукка мажбурлаган жаран Кыргызстандан кармалды

13 Аяк оона 2022 17:48 Бишкек Govori.TV

Түркияда өспүрүм кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда түнкү саат 23:10дор чамасында “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган Б.Э. аттуу Түркиянын жараны кармалган. Ал Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн.

Түрк тараптын айтымында, кармалган жаран өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сойкукана уюштуруп, жашы жете элек алты кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жана эркектерге интимдик кызмат көрсөткөндүгү үчүн берген акчаларын алып жүргөн.

Аталган факты боюнча Түркияда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган учурда Б.Э. Түркиядан жашыруун чыгып кеткен.

Шектүү жаран Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу максатында Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 733