• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Түркмөнстанда коронавирустук чектөөлөр жаңы жылга чейин күчүндө болот

30 Тогуздун айы 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда аймактардын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташыган поезд жана автобус каттамдары бери дегенде 2021-жылдын 1-январына чейин калыбына келтирилбейт. Бул тууралуу өкмөтчүл Orient басылмасы жазды.

Өлкөдө аймактар ортосундагы транспорт каражаттарынын жүрүшүнө чектөөлөр апрелдин башында эле киргизилген. Жүргүнчү ташыган ички поезд каттамдары 16-июлда токтотулган. Алгач темир жол байланышын 23-июлда калыбына келтирүү каралып жатканы айтылып, ошондон бери анын мөөнөтү улам кийинкиге жылдырылып келет. Ошол эле маалда аймактар ортосунда жеке автоунаалардын жүрүүсүнө да чектөөлөр киргизилип, көптөгөн жолдор жабылган. Бүгүнкү күндө жарандар бир аймактан экинчи аймакка аба каттамдары менен гана бара алышат.

Өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур жок экенин билдирип келаткан түркмөн бийлиги мындай чектөө чараларын «жугуштуу оорулардын жайылуусунун алдын алуу» аракети менен түшүндүрүүдө.

Апта башында түркмөн өкмөтүндөгү өз булактар эпидемиологиялык абалдын күчөп жатканына байланыштуу өлкөдө толук карантин киргизүү каралып жатканын билдиришкен.

«Азырынча чечим кабыл алына элек, бирок 1-ноябрдан тартып бардык аймактар изоляцияга алынат деп күтүлүүдө. Ички аба каттамдар токтотулуп, жарандардын аймактар ортосунда жүрүүсүнө чектөө киргизилиши мүмкүн . Мындан тышкары массалык иш-чаларга, анын ичинде той-аштарга да тыюу салуу каралууда», — деп билдирген булак.

Ал ортодо Саламаттык сактоо министрлиги 28-октябрда жарандарга беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо зарылдыгы тууралуу СМС-билдирүүлөрдү жөнөттү. Өлкө полициясы көчөдө беткап режимин сактабаган жарандарга айып пул салууда.

Количество просмотров: 44