• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түштүк Кореяда тайфундун кесепетинен 9 адам каза тапты

3 Тогуздун айы 201918:55 Бишкек Govori.TV

 Түштүк Кореядагы «Митаг» тайфунунан 9 адам каза болуп, беш адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, топон суу жана жер көчкүнүн айынан Пусан, Пхохан, Ульджин, Каннын шаарында 9 адам каза таап, Канвондо, Кёнсан-Пукто, Чеджудо провинцияларында 7 тургун жабыркаган.

Түштүк Кореяда 318 адам же 175 үй-бүлө башка коопсуз жерге көчүрүлгөн. Тайфун өлкөдөгү транспорт системасын үзгүлтүккө учураткан жана 44 миң үй электр энергиясыз калган, — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Түштүк Кореяда тайфундун кесепетинен 700гө жакын учак каттамы токтотулган.

Количество просмотров: 102