• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ачык айт: Интернетти чектеген мыйзамды депутаттар кайрадан тирилткени жатабы? (Түз эфир)

16 Бештин айы 2020 17:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү «Ачык айт» талкуусунда «Маалыматты манипуляциялоо боюнча мыйзам долбоору талкууланмакчы.

Талкуунун катышуучулары:

  • Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Далабаев;
  • «Фактчек» сайтынын негиздөчүлөрүнүн бири, журналист Болот Темиров.

«Маалыматты манипуляциялоо боюнча мыйзам долбоору 14-декабрда комитетте карлмак болуп, кандайдыр себептер менен комитеттин күн тартибинен алынынып калган.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлкан Молдобекова жергиликтүү басылмаларга билдиргендей, президенттик администрациядан аталган мыйзам долбоорун кароону күн тартибинен алып салуу өтүнүчү келип түшкөн. Депутаттар буга макул болуп колдошкон.

Эскерте кетсек, 26-июнда депутаттар резонанс жараткан документти жактырышкан. Жогорку Кеңештин 79 депутаты макул деп добуш берген. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбоорго карата каршы пикирге кол койгон. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөбүздүн негизги мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат. Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.

Количество просмотров: 291