• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түз эфир: «Коопсуз шаар» тууралуу Абылгазиев пресс-конференция берип жатат

18 Бирдин айы 2019 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып айдаган автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 12-февралдан тартып иштей баштады.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/383463192234604/

Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт. Радар орнотулган жылып жүрүүчү аппараттарды адистешкен операторлор көзөмөлдөп турат. Радарга жол кыймылын бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру “Инфокомго” жөнөтүлөт. Андан соң Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айып пулдун өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде “Кыргыз почтасы” аркылуу айдоочуга жиберилет. Айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү.

Учурда баш калаанын Жибек Жолу – Жаш Гвардия бульвары, Чүй проспектиси – Фучик, Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева, Жибек Жолу – Фучик, Чүй проспектиси – Жаш Гвардия бульвары, Жоомарт Бөкөнбаев – Жусуп Абдрахманов, Жибек Жолу – Жусуп Абдрахманов, Чүй проспектиси – Курманжан Датка, Москва – Жусуп Абдрахманов, Максим Горький – 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар орнотулду.

Теги:
Количество просмотров: 13