• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Лавров Орусия президенти Путиндин Кыргызстанга боло турган иш сапарын уюштурууга келди

4 Бирдин айы 2019 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV

Бүгүн, 4-февралда Бишкекке Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымдады.

Ага ылайык элчи өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров анын Бишкекке расмий визити Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитин даярдоого, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына арналганын белгиледи. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны 2019-жылдын 1-мартында өтөт.

«Биз өлкөлөрүбүз ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди, эки тараптуу байланыштарды жана ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ, ЕККУ, БУУ жана башка уюмдардын алкагындагы кызматташтыгыбызды жогору баалайбыз. Бул эл аралык уюмдарда биздин ортобузда тыгыз байланыш жолго коюлган. Биз бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри менен биздин алдыбызга мамлекет башчылары койгон жана бардык багыттар боюнча туруктуу, ишенимдүү ишти камсыз кылган тышкы саясаттагы бардык милдеттерди кенен-кесир талкуулайбыз», — деп баса белгиледи Сергей Лавров.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде алдыда боло турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жана 2019-жылдагы Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагындагы ЖККУнун жамааттык коопсуздук боюнча Кеңешинин жыйындары боюнча пикир алмашуу болду.

Теги:
Количество просмотров: 14