Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов унаалардын терезесин 30 пайызга чейин караңгылатууга акы төлөтүп уруксат берүү керек деп эсептейт. Анын айтымында унаасын караңгылаткысы келген жаран айып төлөсө деле кайра эле караңгылатып жүрүшөт. Мындай жол коррупцияга алып келээрин белгиледи.