• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Таңшы комуз”. Бишкекте онлайн гала-концерт өтөт

4 Аяк оона 2020 19:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 9-сентябрь “Комуз күнүнө” карата 2020- жылдын 7- сентябрынан 13 – сентябрына чейин “Комуз жумалыгын” жарыялайт. Учурдагы эпидемиалогиялык абалды эске алуу менен жумалык онлайн форматта өткөрүлөт.

Программада, залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүп, ал “Маданият.Тарых.Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм туризм министрлигинин фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлөт.

Маданият министрлиги республикадагы бардык жарандарды аталган жумалыкка активдүү катышуу менен, Фейсбук жана инстаграмм аккаунттарга #ТаңшыКомуз хештегин колдонуу менен видео жарыялоого чакырат.

Белгилей кетсек, “Комуз күнү” майрамы Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2019- жылы кабыл алынган.

Количество просмотров: 115