• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Табып деп атаган Ашым Зайналиевге карата кылмыш иши токтотулду

21 Үчтүн айы 2019 12:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV.

Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин өзүн табып деп атаган Ашым (Хашим) Зайналиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Соттук териштирүү учурунда жабыркоочу тарап Зайналиев материалдык чыгым төлөп бергенин билдирген.

Зайналиев сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган Ашым Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» жана “Алдамчылык” беренелери менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган. Зайналиев «2016-жылы бирөөдөн алдап акча алган» деген күнөө менен 22-декабрда кармалып, сот аны тергөө бүткөнгө чейин, эки айга камаган.

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.

Теги:
Количество просмотров: 12