Талас облусунун Кара-Буура районунда автоунаанын ичинен 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Аны өлтүрүүгө шектелген 19 жаштагы жигит өз жанын кыйган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБдин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ Тез жардам кызматы Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиционерлер токтоп турган автоунаанын ичинен болжолдуу түрдө октон жаракат алып көз жумган аялдын сөөгүн табышкан. Маркум Жаңы-Жер айылынын 2003-жылы туулган тургуну экени аныкталган.
Машина райондук милициянын автоунаа токтотуучу жайына киргизилип, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.
«Тергөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү бүгүн, 5-июнда, болжол менен саат 07:00дө табылып, ал милиционерлер барган учурда асынып каза болгондугу аныкталган. Шектүү А.Т. 19 жашта, Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну экендиги такталды. Андан тышкары райондук милициянын тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу жаран алып келинип, анын кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жатат», — деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүүдө.