• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта айдоочуга кол көтөргөн ИИМ кызматкери иштен алынды

28 Чын куран 202215:14 Бишкек Govori.TV

Жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кол көтөргөн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 26-апрелде социалдык тармактарга МАИ кызматкери жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кол көтөрүп жаткан видео тараган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Кодекстердин жана уставдардын талаптарын одоно бузгандыгы үчүн Кыргызстандын ички иштер башкармалыгынын кызматкеринин ишкердик беделине шек келтирген инспектору М.М. ээлеген кызматынан бошотулду.

Кол алдындагыларга көзөмөлдү начар жүргүзгөндүгү үчүн Талас облусунун Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын ага инспектору, милициянын капитаны О.Н. катуу сөгүш жарыялашты.

Количество просмотров: 159