Талас облусундагы ат майданды Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдоо боюнча иш аягына чыга элек. Бул тууралуу Facebook колдонуучу Касым Рахманкулов өздүк баракчасына жазды.
Анын айтымында, сырдоо иштери жамгырда жүрүп, отургучтар толук орнотулуп бүтө элек. Ал эми жумушчулар 3 суткадан бери укташкан эмес. Бул жерде бир суроо туулат мунун баары бизге керекпи?-деген Рахманкулов.
Белгилей кетсек, Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин өтүп, жалпысынан программага улуттук спорттун 10 түрү киргизилген.