• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тарыхый чечим: Жогорку сот шаардык, райондук соттун чечимин жокко чыгарды

12 Чын куран 2018 19:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12. 04. 2018. Govori.TV
Кыргызстандын Жогорку Соту митингдерге тыюу салуу мыйзамсыз деп тапты. Мындай маалыматты жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүн Жогорку Сотто “Жашылдар” партиясынын бак-дарактарды кыркууга каршы тынчтык акциясына тыюу салган Ленин райондук сотунун чечими каралган.
“Жашылдар” партиясы Ленин РИИБсинин Ленин райондук соту аркылуу 1-апрелден 15-апрелге чейин Бишкектин аймагында тынчтык жүрүштөрүнө, митингдерге тыюу салуу чечимин чыгарткан. Акциянын уюштуруучулары бул мыйзамсыз тыюу экенин белгилеп, Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жолдошкон. Бирок, шаардык сот да райсоттун чечимин күчүнө калтырганда, партия лидери Жогорку сотко кайрылган. Аталган сот Ленин райондук соту менен шаардык соттун чечимин жокко чыгарды. Митингдерге чыгууга уруксат берилди”,-деп белгилейт ал.
Эске сала кетсек, бул акыркы мезгилдердеги алгачкы окуя. Акыркы алты жылдан бери көпчүлүк соттук иштерде  Жогорку сот өзүнөн ылдыйкы инстанциядагы соттордун чечимин күчүнө калтырып келген.
Количество просмотров: 44