• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ташиев Бабановду чыдамсыздык менен күтүп жатат…

9 Чын куран 2019 17:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV

Бүгүн, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттарына жыйын өткөрүп, анда ал учурдагы саясий системаны сындап элге кайрылды.

Саясий системанын бир канча кемчиликтерин айткан Ташиев, реформа баштоого тийиш экенин айтты.

Бул маалымат жыйындын маңызын “Республика-Ата Журт” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши тууралуу маселе түздү. Ташиев “Бабанов Кыргызстанга кайтып келиши керек. Бүгүнкү күндө ал мамлекет үчүн керек”,-деп эсептейт.

Мындан төрт жыл мурун эки саясатчы биригип, парламенттик шайлоого чогуу барышкан.  Президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев катуу өкүнүп, Бабановго алданып калганын айтып  чыккан эле. Бүгүнкү күндө коомчулукта Бабанов менен Ташиев кайрадан биригет деген маалымат тарап жаткандыгы тууралуу пикирин билдирип, эки саясатчы эки ажырым жолго бөлүнбөгөнүн баса белгиледи.

Бул тууралуу “Ата Журт” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Надира Нарматова “Govori.TV” агенттигине эки партиянын бирүүгүсүн колдобой турганын билдирген.

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсүн эл өкүлү Исхак Масалиев колдойт.

Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келүүсү тууралуу Бишкек шаарынын тургундарына сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Бабанов сөзсүз келет деген маалымат байма-бай айтылганы менен анын качан келээри так айтылган эмес. Бул тууралуу Ташиевдин так маалыматы бар экен. Ал жакынкы төрт, беш күн ичинде келет деп ишендирди.

Теги:
Количество просмотров: 25