Бишкек.26.12.2018.Govori.TV
Өмүрбек Текебаевди боштондукка алып чыгуу демилгесин көтөрүп чыккандар коомчулукта сын-пикирге кабылып жатат. Көпчүлүгү Отунбаеванын көз карашын «тандалма ырайым суроо» деп баалашып, башка дагы саясий туткундарга бирдей кароо керек экенин айтышууда.
Саясатчы Камчыбек Ташиев Facbook баракчасы аркылуу төмөнкүдөй кайрылуу жолдоду.
«Урматтуу Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери! Президенттен сураган ырайымдуулук эмне үчүн тандалма болуш керек. Ошол сиздер сураган ырайымга Бекболот Талгарбеков, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов татыктуу эмес беле?! Жогоруда аты аталган мамлекеттик ишмерлер саясий көз карашы үчүн бейкүнөө камакта олтурушат.
Президенттин ырайымы ушул эл уулдарына тегиз берилиши керек. Өмүрбек Текебаев өзү да ушуну айтмак.
Урматтуу Президент!
Жогоруда аты аталган бешөөнү тең бошотууңузду суранабыз»,-деп жазат кайрылуу катында.