• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташкент кытай вакцинасы үчүн 5000 ыктыярчы издөөдө

9 Жетинин айы 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Кытайдан Ташкентке коронавируска каршы 5000 вакцина жеткирилди. Ушул тапта вакцина үчүн ыктыярчылар изделип жатат.

Бул тууралуу 7-ноябрда инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов билдирди.

Министрдин айтымында, кытай вакцинасын сыноо борбор калаанын үй-бүлөлүк бейтапканаларда гана жүргүзүлөт. Эмдөөдөн өтүүнү каалагандар Ташкентке келиши керек болот.

Вакцинаны сыноо төрт айга созулары пландалууда. Күн мурун Ташкентке Кытайдан төрт адис келди, дагы беш киши келери күтүлүүдө.

Вакцина 18 жана андан жогорку жаштагыларга сыналат, ыктыярчыларга акча төлөнүп берилет.

Өзбекстанда вакцина клиникалык сыноолордун бардык айлампаларынан ийгиликтүү өтсө, өлкө бул препаратты биринчилерден болуп арзан баада сатып алат.

Количество просмотров: 57