• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Татыктуу ойноду! Кыргызстан-БАЭ беттеши

22 Үчтүн айы 2019 16:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунун чейрек финалына чыкпай калды. Биздин спортчуларыбыз мелдештин ээлерине орун бошотуп, БАЭ командасына 3:2 эсебинде утулуп беришти.

Оюнду калыс алып барган жок деп кытай калысы Фу Мингдин дарегине толгон токой сын пикир жана акаарат айтылды.

Бишкектеги футбол сүйүүчүлөр беттешке түз эфир аркылуу күбө болушту. Күндүн суугуна карабай ачык асман алдында футболдук беттешти көргөндөрдүн саны арбын болду.

Беттешти Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана вице-премьерлер жумуш бөлмөлөрүнө чогулушуп Ак шумкарларды колдоп турушту.

 Жеңилүү ызасын тартса да “Ак шумкарлар” Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен тең тайлаша, жакшы оюн көрсөткөнү белгилүү.

Теги:
Количество просмотров: 9