• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тазабек Икрамов ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында коло байге тагынды (видео)

9 Тогуздун айы 2019 9:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов грек-рим күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында коло байге тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун unitedworldwrestling.org сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жаткан ардагерлердин дүйнө чемпионатында Икрамов 70 килограмм салмакта күрөшүп, түркиялык ардагер балбан Орхан Тикацты жеңип алган.

Кошумчалай кетсек, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты 45-50 жаштагы ардагер балбандардын жарышында өткөн жылы да катышып, финалга чыга албай калган. Коло байге үчүн күрөштө швед балбаны менен 4:4 тең чыгуу болуп, акыркы ыкманы жасаган балбанга артыкчылык берилген эрежеге ылайык жеңиш атаандашына ыйгарылган.

Количество просмотров: 903