• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстан Хожалы-Ворух жолун курууну баштоого даяр экенин билдирди

18 Бирдин айы 2022 10:45 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын транспорт министрлиги мекеме Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду курууну баштоого толук даяр экенин билдирди.

«Озоди» жазгандай, 17-февралда Душанбеде өткөн маалымат жыйынында транспорт министри Азим Иброхим орун басары ыктымал жол курула турган жерге барганын, ал жерде делегация Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Азим Иброхимдун айтымында, “курулуш кол коюлган протоколго байланыштуу кийинкиге калтырылды”.

“Биз, биздин министрлик өкмөт аралык комиссиянын чечими колго тийер замат топографиялык жана сүрөткө түшүрүү иштерине, жол куруу иштерине киришүүгө толук даярбыз”, — деди Азим Иброхим.

Былтыр май айында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кол коюлган №39 протоколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Бул Кыргызстанда кызуу талкуу жаратып, 2-февралда маселе парламентте жабык талкууланган.

Кийинчерээк Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын эч бир жери анклавга айланбай турганын өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазган.

«Бир гана Ак Сай — Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык статусу аныкталып, андан соң салынат, кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албайм. Кошуналар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду талкуулап, сырын ачып салбайт, ошондуктан мен дагы 39чу протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептейм», — деп жазылган Ташиевдин жообунда.

Количество просмотров: 1231