• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажикстан Кыргызстандагы элчисин алмаштырды

13 Үчтүн айы 2020 20:57 Бишкек Govori.TV

Тажик президенти Эмомали Рахмондун 13-январдагы буйругуна ылайык, Тажикстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода башка ишке өткөнүнө байланыштуу элчилик кызматтан кетти. Анын ордуна Рахмондун дагы бир буйругу менен 52 жаштага Назирмад Ализода Тажикстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлады.

Ализода 2003-жылдан бери дипломатиялык кызматтарда иштесе, акыркы беш жылда, 2019-жылдын аягына чейин Тажикстандын Казакстандагы элчиси болуп турган.

Элчилердин алмашуусу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында дагы бир чыр катталган учурга туш келди. Азырынча расмий Дүйшөмбүнүн өз элчисин алмаштыруусуна акыркы чек ара чатагынын тиешеси бар-жогу белгисиз.

Маалыматка ылайык, Тажикстан президентинин буйругу менен өлкөнүн башка айрым мамлекеттердеги элчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да алмашкан.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптап, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 141