• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тажикстанда 30 жаштагы аял үч баласы менен дарыяга боюн таштады

17 Баш оона 2020 17:25 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын чыгышындагы Рашт районунда 30 жаштагы аял үч баласы менен дарыяга боюн таштаганы белгилүү болду.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя 16-августта болгонун билдирди. Куткаруучулар бир баланын сөөгүн табышты.

Аял жана анын эки баласы изделүүдө. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуянын себептерин иликтөөдө.

Тажикстанда акыркы жылдары аялдар балдары менен суицидге барган учурлар бир нече жолу болгон. 2016-жылы Нурек шаарнын тургуну, 25 жаштагы келин төрт баласы менен дарыяга секирип кеткен. Алардын баары мерт болгон. Ага чейин Тажикстандын түштүгүндө дагы бир аял үч баласы менен сууга чөгүп кеткен.

Количество просмотров: 7593