• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тажикстанда журналист Далер Шарифов эки суткадан бери сурак берүүдө

30 Үчтүн айы 2020 9:21 Бишкек Govori.TV

Ал Дүйшөмбү шаарынын Шомансур райондук мамлекеттик коопсуздук башкармалыгында сурак берип жатканын 29-январда «Озоди» радиосуна журналисттин туугандары билдиришти. Алардын айтымында, милиция кызматкерлери анын үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, компьютерин, арабча жазылган китептерин экспертизага алып кетишкен.

«Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор» Далер Шарифовду адвокат менен камсыздады.

Журналист эмне себептен мамлекеттик коопсуздук башкармалыгына чакырылып жатканы белгисиз. Бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.

Далер Шарифов мурда мамлекеттик «Сафина» телеканалында эмгектенген. Акыркы жылдары бизнес менен алектенип, бирок расмий түрдө эч жерде иштеген эмес. Журналист сынчыл көз караштагы макалалары менен белгилүү.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен адамдарды кармоо январдын башында башталган. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар.

Өлкөдө бул кыймылдын ишмердигине 2006-жылы тыюу салынган.

Количество просмотров: 110