• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстандын ТИМи өз жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды

27 Бугу 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

26-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырды.

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, мындай чара Кыргызстан министрлер кабинетинин алдын ала айтпай туруп 21-майда токтом кабыл алгандыгына байланыштуу көрүлүп жатат.

25-майда Душанбеден Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран артка жөнөтүлгөн. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова муну кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганы менен түшүндүрдү.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө “убактылуу чектөө” коюлган.

Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын ар кайсы аймактарына учуп турушкан.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык , анын ичинде эки жаш бала курман болгон. 180ден ашуун адам жараат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланган.

Количество просмотров: 81