• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ТЭЦтеги авария боюнча комиссиянын жыйынына Темир Сариев баштаган мурдагы аткаминерлер келишти

2 Чын куран 2018 14:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.04.2018.Govori.TV
Бишкек шаардык ЖЭБиндеги штаттан тышкаркы кырдаалдын жаралыш себептерин аныктоо боюнча депутаттык комиссия жыйыны башталды.
Жыйынга мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов чакырылган.
Азырынча Темир Сариев менен Токон Мамытов келишти. Жыйынга эсеп палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова катышып жатат.
Андан тышкары тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да келди.
Жыйынга чакырылган Жантөрө Сатыбалдиев келген жок, ал кат түрүндө түшүндүрмө жибериптир.
Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБди модернизациялоого келишимге кол коюлуп жатканда өкмөттү Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия экс-премьерди комиссия жыйынына чакырганы, бирок Сатыбалдиев келбей жатканы айтылган.
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептери боюнча жаңы жагдайлардын бети ачыла баштады. Борбордун кызматтан алынган жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу долбоордогу химиялык тазалоо цехинин курулбай калганы суунун жетишсиздигине алып келгенин айтып, бул жагдай башында коомчулуктан жашырылганын айтып чыкты. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков авариянын себебин насостордун бири жарактан чыкканы менен түшүндүргөн. Алты миллион долларга чукул бааланган химиялык цехтин эмне себептен курулбай калганын азыр депутаттык комиссия териштирүүдө.
Количество просмотров: 29