• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Текебаев соттун чечимине нааразы

12 Аяк оона 201917:32 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун «Альфа Телеком» компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайрадан каралып, кийинки отурум 1-октябрга белгиленди.

Бирок, Текебаев отурумдун октябрь айына жылдырылганына нааразы.

«Кийинки соттун отурумун дээрлик 20 күнгө жылдырып койду. Убагында ушул эле маселени Биринчи май райондук соту тездик менен жумасына төрт жолу эртең менен саат 9дан кечке чейин караган учурлар болгон. Бүгүнкү күндө биз ишти тезирээк карасын деп жаткан учурда 1-октябрга калды»,-деди Текебаев.

Количество просмотров: 172