• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Текебаев: Таң атканга чейин бюллетендерди кол менен кайра санап чыгуу керек

28 Жетинин айы 2021 23:35 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирди. Ал шайлоонун жыйынтыгы өзгөртүлдү деп эсептейт:

«Өзүбүздүн сурамжылоо боюнча биз 8-10% төмөн түшпөй келе жатканбыз. Бийликчил партиялар 4% жеткен эмес. БШКнын сайты биринчи көрсөткөндө биздин партия 71 миңден кем эмес добуш алган. Сайтты өчүрүп, кайра күйгүзгөндө добуштардын саны 41 миңге түшүп калды. Бул деген биздин талапкерлер Али Токтакуновдун, Тилек Токтогазиевдин, Наталья Никитенконун, Клара Сооронкулованын добуштары башкаларга кетти дегенге жатат», — дейт ал.

Боршайкомдун шайлоо жыйынтыгы тууралуу автоматтык эсептелген алгачкы маалыматында «Ата Мекен» партиясы 6,45% добуш алганы көрсөтүлгөн. Автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учурагандан кийин партиянын добушу 3,4% болгону жазылды.

Количество просмотров: 3965